Өлкөдө катталган коронавирустун британ штаммынын кадимки COVID-19дан кандай айырмачылыгы бар? Адистин жообу

Кечээ, 22-апрелде коронавирустун британиялык түрү Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу катталган. Чет элдик илимпоздор бул штамм иммундук системи начар, вирусту жеңе албаган бейтапта пайда болушу мүмкүн жана анын денеси коронавирустун мутациясы үчүн ыңгайлуу шарт болорун белгилешкен.

SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсү COVID-19дун британиялык түрүн дарылоого даярбы?" деген жана башка суроолор менен Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаевага байланышканыбызда ал британ штаммынын кадимки коронавирустан эч айырмасы жоктугун айтты.

"COVID-19 илдетинин британиялык түрүнүн эч кандай коркунучу жок. Бул түрү мурда каттоодон өткөн кадимки коронавирустун Британияда табылган штаммы. Бул түрү кандайдыр бир өзгөчө болсо, биз аны байкамакпыз. Биздин жарандардын арасынан бул түргө туш болгондор чыгып жатат. Алардан эч кандай өзгөрүү байкаган жокпуз. Ооругандардын оорусу аябай өтүшүп кеткени көбөйүп деле кеткен жок. Мурда кандай болсо, ошондой эле болуп жатат.

Бир гана нерсе Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул түрү бат таркаарын билдирип жатышат. Мисалы коронавирустун биринчи, экинчи толкуну маалында 80-90 пайызы чоң кишилер ооруган, мында азыр жаштардын, балдардын арасында бар экенин аныктап жатабыз. Бирок алардын арасында катуу ооругандар жок. Жаш балдар бат эле айыгып кетүүдө. Британ штаммы бат жайылганы үчүн оорунун белгилери аныкталып баштаган адам медицина кызматкерлерине эртерээк кайрылышы керек. Бул британ штаммы кадимки коронавирус кантип башталса ошондой башталат", - деди Оторбаева.

Коронавирустун жаңы түрүнө катуу чарчоо, жөтөлүү, тамак жана булчуң оорулары мүнөздүү келет. Бирок Улуу Британиянын улуттук статистикалык башкармалыгы жарыялаган билдирүүгө таянсак, жыттын жоголушу кадимки коронавируска караганда анча байкалбайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан