Коронавирус жуктуруп алган Орусиянын өкмөт башчысынын абалы кандай экени айтылды

Коронавирус жуктуруп алган Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин абалы жакшы. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы журналисттерге билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Михаил Владимирович мамлекеттик медициналык мекемелеринин биринде жатат. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы жакшы. Ал кесиптештери менен телефон аркылуу байланышууда", - деди басма сөз катчы.
Өткөн аптада Орусиянын өкмөт башчысы коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ал коронавирус жуктурганы тууралуу өзү президент Владимир Путинге билдирген. Мындан ары изоляцияда болоруна байланыштуу премьердин милдетин аткаруучу катары Андрей Белоусовдун талапкерлигин сунуштаган. Путин ал сунуштаган талапкерди жактырган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан