Абал оор. Москвада жакын арада коронавирус токтобойт

Орусиянын борбору Москва шаарында жакын арада коронавирус инфекциясынын жайылуусу токтобойт. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин "Россия 24" телеканалында түз эфирде билдирди.

"Албетте, шаарда бул илдет менен ооруп жаткандар аябай көп. Скринингдик изилдөөлөргө ылайык, 300 миңге жакын адам коронавирус менен ооруп жатат. Бул пандемия узак убакытка созулчудай. Азыр биз эпидемияны жеңүү үчүн бир топ убакыт талап кылынат деп ойлойбуз", - деп билдирген шаар мэри.

Маалыматка ылайык, Москва шаарында учурда 92 миң 676 адамдан инфекция аныкталды.

Эске салсак, Москвада 12-майдан баштап өнөр жай ишканалары жана курулуш тармагы ишин улантат. Ошол эле учурда коомдук транспортто жүрүү үчүн медициналык бет кап жана кол кап кийүү керек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulaym-85
2020-05-07 21:13:02
Эми биздикилер да жылдырып салышпаса болду
+1
Suzak12
2020-05-08 18:05:27
Gulaym-85,Орустар ар бир ишин жоготкон Москвичтерге 19500 рублдан берип жатат.булардын эли ошон учун унчукпай олтурат,бизде эгер узартса элдер кыйналып калатго.
0
Mintip-menu-suybo
2020-05-07 22:29:17
Мигранттар иштей берсин дешти а... Олсо олсун, иш токтобосун болуптур да, биздикилерди салып берип коронавируска... Оздору карантинде...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан