Бүгүн, 6-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус боюнча соңку суткадагы статистикаларды айтууда. Маалымат берүү Өкмөт үйүндө онлайн форматта өтүп жатат.
Эгер оорунун жайылышы кайрадан көбөйүп кетсе, Саламаттыкты сактоо министрлиги республикалык штабга карантиндин бардык тартиптерин сактоо сунушун берет.
Үсөнбаевге "Оору жаңы аныкталган 28 адам кайсы жакта болушкан? Арасында көчөдө эле жүргөндөр барбы?" деген суроо берилди. Үсөнбаев алар негизинен обсервацияда, дарыгерлердин көзөмөлүндө тургандар экенин айтты.
"Алдын ала шек санап, бейтаптар менен байланыш болгонун билип, карантинге алынгандардан көбүнчө оору аныкталат. Бирок жанагы обсервацияга алынбай эле жүргөн адамдардын ичинен да оору аныкталган бир-эки катталгандар болуп калат. Ошондуктан байланыштарды азайтуу керек", - деди Үсөнбаев.
Бүгүнкүгө карата 28 адамдан коронавирус аныкталган. Анын ичинен бешөө башка өлкөдөн келгендер.
"Бир бейтап Дубайдан учуп келген болсо, төртөө Тажикстандан келгендер. Алар Дүйшөнбү жана Хужанд университеттеринин студенттери", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Анын айтымында, алардын баары обсервацияда болуп, ооруну жуктуруп алганы тийиштүү текшерүүлөрдөн кийин аныкталган.
Өлкө аймагында көптөгөн жайлар кайрадан ишке киришти, көчөдө жүргөн элдин да, унаанын да саны көбөйдү. Бул абал коронавирустун кайрадан жайылышына алып келиши мүмкүн экенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары айтты. Ал эгерде кайрадан оорунун жайылуусу күчөсө, бардык тартиптерди кайра киргизүү керек болорун айтып, обочолонуу, элге аралашпоо тартиптерин катуу сактаганга чакырды.
Кыргыз өлкөсү боюнча обсервацияда 675 адам жатат. COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 3 миң 855.
Бул көрсөткүч эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 4 кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын баары Бишкек шаарында.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясы 221 медицина кызматкерлеринен аныкталды. Алардын ичинен 154 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Өлкөдө коронавирустан дагы бир адам көз жумганын Үсөнбаев брифингде маалымдады. Айтымында, маркум коронавирусту жуктуруп алгандан кийин анын өнөкөт оорулары козголгон. Ал Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында каза болгон.
"Ал COVID-19 вирусунун оор формасын жуктурган. Каза болгон адам 67 жаштагы аял киши. Анда ошондой эле эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик диагнозу аныкталган", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Өлкөдө дагы 28 адамдан коронавирус аныкталды.
Алар:
Бишкек шаары - 16;
Чүй облусу - 2;
Жалал-Абад облусу - 6;
Баткен облусу - 4.
Республика боюнча оору жугузгандардын саны 871.
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында коронавирустан 14 адам айыгып чыкты. Муну менен бул илдеттен айыккандардын жалпы саны 614кө жетти.