Нью-Йорк метросу өз тарыхында биринчи жолу метролор түнү иштөөнү токтотту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, пандемиядан улам метролордо түнү дезинфекциялоо иштери жүрөт.
"Поезддер эртең менен эле жүрүп баштайт, бирок ортодогу аралык узарат. Сиздер мага пандемия качан бүтөрүн айткыла, анан мен силерге метро 24 саат бою качан иштей баштарын айтам", - деп билдирген маалымат жыйын учурунда журналисттердин бирине Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо.
Расмий маалыматтарга ылайык, Нью-Йоркто жалпы 177 миң адамдан коронавирус аныкталган.