Сутка ичинде өлкөдө 5 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаары – 1;

Чүй облусунда – 1;

Жалал-Абад облусунда – 1;

Ош облусунда – 1;

Баткен облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 5 медкызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 9 медкызматкери айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган медицина кызматкерлеринин саны 3 миң 35ге жетсе, алардын ичинен 2 миң 342 медкызматкер айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан