Дастанбек Жумабеков: "Коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалымкат боюнча маалымат тараткан адамдын жоопкерчилиги каралышы керек"

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалымкат боюнча маалымат тараткан адамдын жоопкерчилиги каралышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Маалымкат тууралуу кээ бир жетекчилердин орун басарлары брифингде маалымат берип алышты. Менин оюмча, бул туура эмес, мындай маалыматты таркаткандардын жоопкерчилиги каралышы керек. Өкмөттүн штабында мындай чечим кабыл алынган эмес. Бул боюнча өкмөт башчысы менен да сүйлөштүм. Жарандын колунда маалымкат болуш керек деген туура эмес маалымат", - деди Жумабеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
JaneEr
2020-05-06 12:32:15
Отуруп алып суйлой берген депутатиарды качан жоюп жок кылып,айлыктарын ачка отурган элге таратат?
+2
Chungyz
2020-05-06 12:59:22
Жети областы оздорунчо болуп алып кааландай приказ чыгарып куйгузду мыйзам иштейби олкону тартипке салган жетекчи барбы озу
+1
mirlanpiter
2020-05-07 03:17:46
Бул кантип ЖК -ке төрөга болуп калган?сабатсыздар ак үйгө толуп ташып ,кузгун сыяктуу болуп олтурушат...!! Билимдүү эл адамдары камакта сыздап,элге жардам бере албай айласыз, капастагы Бүркүт сымал канаттарын жая албай кузгундарды жек көрүү менен күн өткөрүүдө...Мен Кудайдан суранып дуба кылып жүрөм акыйкаттык орун алса экен деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан