Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу BBC басылмасы жазып чыкты.
Бул кабарды премьер-министр өзү кабарлаган. Анын айтымында, анда Covid-19 вирусунун жеңил белгилери бар жана ал өзүнүн резиденциясында изоляцияда жатат. Оорусуна карабай 55 жаштагы Жонсон ишмердүүлүгүн уланта берерин билдирген.