Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге эскертүү берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын сунушунун негизинде Осмоналиевге чечимди макулдашпастан кабыл алганы үчүн эскертүү берди.
Буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирүүгө тыюу салынган, ал эми кирүү учурунда жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат талап кылышкан.
"Бул чечимдер республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт. Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда, жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес", - деп жазылат маалыматта.