АКШда карантинде рубашка сатып алгандар көбөйдү. Мунун себеби эмнеде?

Коронавирустун тез жайылышына карабастан АКШнын жарандары рубашканы көбүрөөк сатып ала башташты. Бул тууралуу дүйнөдөгү эң ири чекене сатуучу дүкөндүн маалыматына таянып чет элдик маалымат булактары жазып жатышат.

"Соода борборунун жетекчилиги муну пандемия учурунда көптөгөн жарандар үйдө олтуруп иштеп жатышканы менен түшүндүрүүдө. Алар жумуш учурунда видео чалууну колдонууга аргасыз болушат. Бул иштөө режиминде жарандар үстүнө рубашка кийип алышат. Тагыраагы, дресс-кодду толук сактоонун кажети жок. Анткени камерадан жарандын дене бөлүгүнүн үстү гана көрүнөт", - деп айтылат маалыматта.

Корпоративдик мамилелер боюнча "Walmart" ишканасынын вице-президенти Дэн Бартлетт бул тенденция келечекте дагы улана турганына ишенет жана ал адамдар тез арада жаңы жашоо образына көнүп калыша турганын билдирүүдө.

Ал кошумчалагандай, америкалыктар рубашка жана дезинфекциялоочу каражаттардан тышкары DVD дисктерин, балмуздак таякчаларын сатып ала башташкан.

Көптөгөн ири компаниялар миллиондогон жумушчуларды жумуштан кетирүүгө аргасыз болушканда, "Walmart" ишканасы өткөн аптада жаңы жумушчуларды жалдоону пландаштырып, коронавирус пандемиясынын шартында аларга кошумча каражат төлөп бере турганын жарыялады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
almazsadyrov
2020-04-01 11:26:57
Билими жоктун,котормосу жок...
+13
interpol
2020-04-01 11:29:28
Булда бир акылдуунун чыгарган бизнесида. Болбосо ушул убака чейин не ошондой көйнөгү жок бекен алардын?
+6
BarsBaatyr
2020-04-01 11:45:07
Балээ болбодубу эми. Көйнөктүн орусчасын аташып
+7
zhykyo
2020-04-01 11:49:56
Ушундай эле бир койнок жетет экен адамга дегени го
+2
Beksultan01
2020-04-01 19:01:13
Көйнөк болот кыргызчасы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан