Кыргыз өкмөтү тарабынан бизнести кошумча колдоо жана экономиканы калыбына келтирүү максатында экономиканын тармактарын жана ишкердик субъектилерин колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакети иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чаралардын экинчи пакетинде экономикалык ишмердүүлүктү баскычтуу калыбына келтирүү жана финансылык колдоо чаралары каралган.
Ошондой эле ал ишкердик субъектилерди жеңилдетилген насыялоо программасын жана салык келишиминин милдеттенмелерин кайра карап чыгууга багытталган бир катар фискалдык чараларды ишке ашыруу жана салыктар менен социалдык төлөөлөр боюнча карыздарды реструктуризациялоону жүргүзүү каралган 19 иш-чараны камтыйт.
"Биз каржылоо булактарын таптык. Кеп болжол менен 40 миллиард сом тууралуу болуп жатат. Анын ичинде "Кумтөрдүн" эсебинен 4 миллиард 2 миллион сом, донорлордун эсебинен 14 миллиард сом, тышкы карызды реструктуризациялоонун жыйынтыгы боюнча – 4 миллиард 3 миллион сом бар. Ошондой эле 17 миллиард 5 миллион сомго жакыны Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду сыяктуу башка булактардан болуп саналат", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Муну менен катар учурда өкмөт тарабынан экономиканы кризистен кийинки калыбына келтирүүнүн жана өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү комлекстүү программасын даярдоо боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеп кетүү керек.