Бүгүн, 7-майда Өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди. Анда вице-премьер экономиканы калыбына келтирүү үчүн антикризистик план иштелип чыкканын айтты.
"Бул план иштелип чыгып жатканда бизнес коомчулуктан түшкөн сунуштарды, донорлордун консультанттарынын пикирлери жана биздин көз карандысыз адистердин сунуштары эске алынып жатты.
Биринчиден, бул антикризистик пландагы эң негизги басымды биз жеңилдетилген каржылоого жасап жатабыз. Ишкерлерге өтө жеңилдетилген насыя берүү багытында. Биз антикризистик фонд түзөбүз деген планыбыз бар. Ошонун негизинде жеңилдетилген насыяны бизден ишкерлерге бермекчибиз. Бул тууралуу өзүнчө программа иштелип жатат жана жакынкы арада бекитилет", - деди Асрандиев.