Айылдарда орнотулган карантиндик посттордун иши жөнгө салынышы керектиги айтылды

Айылдардагы жергиликтүү бийлик органдарынын же жергиликтүү тургундардын чечими боюнча орнотулган карантиндик посттордун иши жөнгө салынышы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал белгилегендей, жергиликтүү өз алдынча органдардын макулдашылбаган, өз алдынча кабыл алган акыркы чечимдери коомчулукта тынчсызданууну пайда кылды. Буга байланыштуу Кубатбек Боронов мындан ары жергиликтүү бийлик органдары өкмөттүн, штабдын кабыл алынган чечимдерине каршы келген аракеттерге жол бербеши жана өз билдирүүлөрүндө этият болуусу керектигин белгиледи.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмдик иш-аракеттерге дал келген учурларды эске албаганда, бир дагы жарандан облус, шаар, район же айылга кирүүдө коронавируска тест тапшыргандыгы тууралуу маалымдама талап кылынбашы керек. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары штаб кабыл алган чечимдерди толук көлөмдө жана сапаттуу ишке ашыруусу жана тармактык кызматтардын бекитилген сунуштамаларын жетекчиликке алуусу зарыл. Ар бир жетекчи жеке жоопкерчилик алат. Ошол эле учурда штабдын чечимдерине карама-каршы келген ашыкча алдын алуу чараларына жана өзүм билемдикке жоопкер жактар жол бербеши керек. Чечимдер объективдүү, колдо болгон шарттарга жана мүмкүнчүлүктөргө ылайык кабыл алынып, кандайдыр бир коррупциялык тобокелдиктерге шарт түзбөшү керек. Мындай окуяларга экинчи жол берилбесин", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле айылдарда орнотулган постторго тийиштүү маселе талкууланды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын ишин иретке келтирүү тапшырылды.

"Айылдардагы аталган карантиндик постторго байланыштуу көптөгөн нааразычылыктар жана арыздар түшүүдө. Түшүп жаткан маалыматтарга ылайык, алардын айрымдары опузалоо менен алектенүүдө. Бизде аталган посттор айылдарды аралап өтүүдө жарандарды кармап, өткөрбөй жаткан учурлар бар. Райондордун акимдери укук коргоо органдары менен биргеликте посттордун ишин тартипке келтирүүсү зарыл, керек болгон учурда алардын ишине тийиштүү көзөмөл жүргүзүү үчүн участкалык милиция кызматкерлерин тартуусу зарыл", - деди Кубатбек Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан