Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 17 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек ш. – 10 (кызыл зонадан 5)
Чүй облусунда – 3
Ош ш. – 1
Жалал-Абад облусунда – 1
Баткен облусунда – 2
Ал эми бир суткада үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3910 учур катталды, алардын ичинен 3599 медкызматкер сакайды.