Бүгүн, 17-апрелге карата COVID-19 жана пневмония илдетине кабылган бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы стационарларда 131 бош орун бар. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги берген маалыматка ылайык, бош орундар төмөнкү бейтапканаларда:
Улуттук хирургия борбору - 7;
Республикалык инфекциялык оорукана - 8;
№2 клиникалык төрөт үйү - 11;
Улуттук госпиталь - 20;
№6 шаардык клиникалык оорукана - 47;
Кардиология жана терапия улуттук борбору - 38.