Тажикстанда коронавирустан каза болгондордун саны 12 адамга жетти

Тажикстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 461ге, ал эми андан каза болгондор 12ге жетти. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышууда.

Маалыматта акыркы сутка ичинде дагы 81 адам оору жугузуп алганы айтылат.

"Тажикстандын аймактарындагы статистика тууралуу өлкө жетекчилиги билдире элек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 4 миң 205 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө жатса, анын ичинен 345 адам толук диагностикалык текшерүүдөн кийин үйлөрүнө чыгарылган. Бирок жергиликтүү эксперттер менен социалдык тармактын колдонуучулары Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны расмий статистикадан бир топ жогору экенин белгилеп келишет", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Erik2018
2020-05-08 11:55:15
биздикилер оз убагында карантинге алып туура кылган экен Тажиктер өтө кооптуу болуп турат
+7
Jaznura
2020-05-08 12:20:46
Тажикстан менен чектешкен аймактагы постторго күчөтүлгөн тартип киргизүү керек.
+5
Juni1
2020-05-08 15:57:54
Вирус жок нерсе деп карантин кылбай,
Белорусияда да тездеп кобойуп жатат вирус, Аллах сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан