Коңшу Тажикстанда акыркы бир сутка ичинде 72 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, ооругандардын жалпы саны 801ге жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Бибихонум Дарвесзода билдирүү жасаган.
"Бир күндүн ичинде коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 72 адамга көбөйдү жана өлкөдө жалпы оорулардын саны 801 адамга жетти. Инфекциядан каза болгондордун саны 23", - деп билдирген министрликтин өкүлү.
Эске салсак, коңшу өлкөдө коронавирус инфекциясы расмий түрдө 30-апрелде катталган.