Жалдагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору күнү-түнү иштөөдө

Коронавирус инфекциясы аныкталган Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору күнү-түнү иштөөдө. Бул тууралуу вице-премьер Аида Исмаилова онлайн брифинг учурунда айтты.

"Жалдагы оорукана жабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Эпидемия башталгандан баштап оорукана күнү-түнү иштеп жатат. Оорукана республика боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайларды, боюнда бар аялдарды жана балдарды кабыл алып жатат. Бир күндө 120-150дөй баланы, жана 15-20дай боюнда бар аялды кабыл алып жатат. Оорукананын кире беришине санитардык көзөмөл пункттары орнотулган. Шектүү бейтаптар өзүнчө бөлмөлөрдө изоляцияланат. Алар менен иштеген медицина кызматкерлери дайыма коронавирустук текшерүүлөрдү жүргүзүп турушат", - деди Исмаилова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан