Бүгүн, 29-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду Өкмөт үйүндө онлайн маалымат жыйын берип жатат. Айтымында, азыркы тапта коронавирус менен жабыркаган жарандарды дарылоо толук түрдө жүргүзүлүп жатат.
"Кээ бир аймактардагы абал оңолуп бара жатат. Айта турган болсок, Баткен облусунда бүгүнкү күнгө чейин оорулуулар бар болчу. Алардын баары айыгып чыгып кетишти. Азыркы тапта Баткенде болгону бир эле бейтап калды", - деди Боронов.
Баткен облусу боюнча жалпы 9 тургун коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.