АКШда вирус жуктуруу үчүн коронавирустук кечелер уюштурулуп жатат

АКШда коронавирустук кечелер уюштурулуп жатат, анда ооруган адамдар соо адамдар менен баарлашат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, элдер аталган кечелерге ойдогудай эс алып, анан эң негизгиси вирус жуктуруп алуу үчүн барышат. Алар муну менен ооруну эрте жугузуп, ага иммунитет иштеп чыгууну көздөшүүдө.

Белгилүү болгондой, кечелерге коронавирустук инфекцияны алып жүргөндөр атайын чакырылат. Мындай кечеге барган 2 адамдан коронавирус аныкталган. Бирок алардын абалдары жакшы болгондуктан, ооруканага жаткырылган эмес.

Айта кетсек, окумуштуулар коронавирус менен ооруп айыккан адамда иммунитет пайда болуп, ал экинчи жолу ооруну жуктуруп албайт дегенге далилдер жана кепилдик жок экенин айтып келишет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Krai
2020-05-08 17:05:22
Жинди го
+7
Aguwa
2020-05-08 17:09:45
Анда чектөө койгондун кереги жок го буларга
+11
Kona8631
2020-05-08 19:39:32
Еврейлердин ойлоп тапкан вирустар...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан