Бүгүн, 5-майга карата Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов жана Араван районунун акими Курманбек Айтибаев онлайн маалымат жыйын берип жатышат. Анда облустагы жана райондогу акыркы кырдаалга байланыштуу маалыматтар айтылууда.
Комендант Малик Нурдиновдун маалыматына ылайык, азыркы тапта Ош-Бишкек унаа жолунда унаасына ашыкча адам салып, эреже бузган жарандар кармалып, унаалары айып төөлөөчү жайларга токтотулган
"Ош-Бишкек унаа жолунда көп адам салып, өздөрүн тобокелге салган айдоочулар бар. Бул тууралуу бизге маалыматтар келип жатат. Азыркы тапта 6 унаа санитардык-карантин эрежелерин бузгандыгы үчүн айып короосунда токтоп турат", - деди комендант.