Москвада коронавирус инфекциясы менен ооруп жаткан бейтап ооруканадан качып кетти

Москва шаарындагы Дегтярев шаардык клиникалык ооруканасында коронавирус инфекциясы менен ооруп жаткан бейтап ооруканадан качып кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 59 жаштагы аял 7-май күнү ооруканадан качып кеткен. Бул тууралуу дарыгерлер полиция кызматкерлерине кабарлашкан. Азыркы учурда бейтап жөнүндөгү бардык маалымат полиция кызматкерлерине тапшырылды.

Буга чейин, 5-майда коронавирус менен ооруган эркек киши Москва облусундагы Солнечногорск шаарындагы ооруканасынан качып кеткен.

Акыркы маалыматтар боюнча, Орусияда жалпы 187 миң 859 адамдан вирус аныкталды. 1 миң 723 адам каза болсо, 26 миң 608 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан