26-май күнү Кыргыз өлкөсүнө Москва-Бишкек каттамы менен 393 Кыргыз жараны кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 26-май күнү "Аэрофлот – Орусия авиалиниялары" авиакомпаниясынын учагы менен Москва-Бишкек каттамы боюнча Орусиядан 393 (балдары менен 450) Кыргыз жараны мекенине учуп келди. Мекенине кайтууну каалагандар көп болуп жатканына байланыштуу аталган каттамдагы тизме атайын комиссия тарабынан түзүлдү. Комиссиянын катарында кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, Москва шаарындагы кыргыз медицина клиникаларынын дарыгерлери, Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин өкүлдөрү кирген. Тандоо Кыргыз жарандарынын кайрылуусунан улам түзүлгөн. Анда ай-күнү жетип калган кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар энелер бар. Ошондой эле "Аэрофлот" компаниясынан мурун сатып алган билеттери болуп, эпидемиологиялык абалга байланыштуу өлкөдөн чыга албай калгандар да эске алынды.
Кыргыз өлкөсүнө келген мекендештер алгоритмге ылайык обсервацияга жаткырылышат", - деп жазылат маалыматта.