Бүгүн, 10-майда Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан улам жаракат алышкан 3 аскер кызматкери Бишкек шаарына атайын борт менен алып келинген.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыр тарткан 3 аскердин абалы боюнча маалымат берип, октон жаракат алган С.уулу М. аттуу жарандын абалын өтө оор деп билдирген. "Жабырлануучу С.уулу М. 1994-жылы туулган. Ал кыр арканын көкүрөк тушуна, курсак жана жамбаш сөөгүнө октон жаракат алган. Ага операция жасалган, абалы өтө оор", - дешкен мекемеден.
Абалы оор делген жоокердин каза болуп калганы тууралуу социалдык тармакта билдирүү жарыяланган. Ал эми бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан четке кагып, жоокердин абалы учурда стабилдүү оор экенин билдирди жана айтылган маалымат чындыкка дал келбейт.
"Бүгүн социалдык тармактарда Улуттук госпиталга которулган аскер кызматкерлеринин биринин өлүмү тууралуу маалымат чындыкка коошпойт. Бир жабырлануучу анестезиология жана жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу оор. Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүндөгү жабыркаган эки адамдын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бардык жабырлануучулар медициналык көзөмөлдө, керектүү дарылоодон өтүшөт", - деп билдиришет мекемеден аталган маалымат тууралуу.
Ушул эле маалыматты Чек ара кызматынан да бышыктап, жараат алган жоокерлер учурда ооруканада дарыланып жатышканын билдиришти.