Жогорку Кеңеште жабык эшик артындагы жыйында эки элдин тирешүүсүн өкмөт тез аранын ичинде чечсин деген маселе көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына депутат Таабалды Тиллаев билдирди.
"Маселенин жабык эшик артында талкууланганынын себеби - чек ара маселеси. Бул маселеде ачык айтыла турган жана айтылбай турган нерселер бар. Жыйында чыр-чатак чыккан аймакта болуп жаткан кырдаал талкууланды. Жабылган жолду ачып, эки элдин тирешүүсүн эки өкмөт тез аранын ичинде чечсин деген маселе коюлду", - деди Тиллаев.
Анын айтымына караганда, маселе жыйындын түшкө чейинки бөлүгүндө толук талкууланып бүткөн жок, түштөн кийинки бөлүктө да ушул маселени талкуулоо улантылды.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселе бир нече жолу көтөрүлдү. Алгач тиешелүү суроолорго өкмөттүн өкүлдөрү саат 11ден кийин жооп бермей болгон.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болду. Ал эми Тажик тараптын басылмалары жаңжалдан 1 адам каза болуп, 20 киши жабыркаганын жазды.