КСДП СИЗО-1 абагында кармалып жаткан адамдардан коронавируска карата анализ алынышы керек деп талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдады.
"СИЗО-1де коронавирус болушу мүмкүн. Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумда Канат Сагымбаев (ред. Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы) ооруп жатканын айтты. Анда Сovid-19 инфекциясынын белгилери бар, 3 күн мурун ал СИЗО-1дин жетекчилигине кат менен кайрылган, бирок эч кандай жооп болгон эмес.
Буга байланыштуу биз тез аранын ичинде тиешелүү чаралар көрүлүп, абактагы адамдарды коронавируска карата текшерүүнү талап кылабыз. Эгерде факты аныкталса, ЖАМКтын жетекчилигине ооруну жашыргандыгы үчүн чара көрүү керек. Бул кылмыш", - деп жазган Жолдубаева.
Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты четке какты.
"Канат Сагымбаев СИЗОнун башчысына кат түрүндө да, оозеки да кайрылган эмес. Соттук процесске чыгардын алдында соттолуучуларды медицина кызматкерлери текшеришет. Эгерде анын дене табы жогору болсо же бир жери ооруп жатса аны процесске чыгарбайт эле", - деп айтылат ЖАМКтын маалыматында.