Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 6 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаары – 3;
Баткен облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 2.
Ал эми бир суткада 1 медкызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининде дарылангандар жок.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3092 учур катталды, алардын ичинен 2385 медкызматкер айыгып чыкты.