Бүгүн, 11-май күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев маалымат жыйын өткөрүүдө.
Жыйында Ош шаары боюнча жалпы 113 адамдан коронавирус аныкталып, анын 108и айыгып, ооруканадан чыгып, 2өө каза болгону жана 3өө ооруканада дарыланып жатканы айтылды.
"Карантинге байланыштуу ишсиз калган же жардамга муктаж болгон 58 миң муктаж үйгө мамлекет, бейөкмөт уюмдардан, жеке жарандардан жардам берилди", - дейт шаардын мэри.