Британиялык актёр Идрис Эльба коронавирус менен жабыркап жатканын чет элдик басылмалар жазышууда. Маалыматка ылайык, актёр коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгында вирустун симптомдору бар экени аныкталган.
"Мен коронавирус менен жабыркап жатканымды билдим. Бирок абалым канааттандырарлык, эч кандай оорунун белгилерин байкай элекмин. Азыр изоляциядамын. Үйүңүздөрдөн чыкпай отуруңуздар", - деп кабарлаган актёр.
Ошондой эле ал күйөрмандарына абалы тууралуу маалымат берип турарын кошумчалаган.
Идрис Эльба "28 аптадан кийин", "Чоң оюн", "Рок-н-ролчу", "Өч алгычтар", "Форсаж: Хоббс жана Шоу" жана башка тасмаларындагы ролу менен белгилүү. 2018-жылы "People" журналынын версиясы боюнча актёр дүйнөдөгү эң сексуалдуу мырза деп аталган.