Карантиндик жана санитардык эрежелерди бузганда салынуучу айып пулдун өлчөмү

Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими уланууда. Буга байланыштуу республикалык штаб өзгөчө кырдаалдын талаптарын, эрежелерин бузгандарга кандай айыптар салынарын эскертет. Ага ылайык:

Өзгөчө кырдаал шарттарында укук тартибин бузуу – 5 миң сомдон 17 миң сомго чейин;

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, санитардык эрежелерди, гигиеналык ченемдерди бузуу – 1000 сомдон 27 миң сомго чейин (категорияга жараша);

Ыйгарым укуктуу органдардын чечимин же талаптарын аткаруудан баш тартуу тартибин бузуу – 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин (жазык жоопкерчилиги);

Өзгөчө кырдаалдар тартибинин талаптарын бузуу - 15 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул, 2-категориядагы эркиндигин чектөө менен бир жылга чейин, коомдук иштерге 60 саатка чейин тартуу;

Карантин сакталбагандыгы үчүн - 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан