Бүгүн, 12-майда Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев онлайн маалымат берди. Анда вице-мэр электрондук маалымкаттар жана салык кызматында каттоодон өтүү боюнча маалыматтарды билдирди.
"Баарыбызга белгилүү болгондой, 22-марттан баштап өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режими кирген. Бул абал аяктаганына байланыштуу жарандык комиссия түзүлүп, азыр жарандык милдетин аткарып жатышат. Сыртка чыгуу жана кирүү көзөмөлдөрү, адамдардын көп топтолгон катмары менен байланыш, жарандын жеке коргоочу каражаттары, шаардык транспорт, ишкерлик, коомдук тамактануу, экономикалык объекттер, мына ушулардын баары боюнча буйруктун негизинде ирет түзүлүп, иштер жүрүүдө.
Салык кызматы боюнча да пикирлер көп болуп жатат. Айтып койгум келет, Бишкектин аймагында карантин учурунда кээ бир экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилген. Бул боюнча биздин электрондук системдеги сайтыбызда жазылуу.
Мындан сырткары комендатурадан алынган пропусктар боюнча да көп кайрылуулар болду. Ал эми салык кызматынын ишине кыскача токтоло турган болсок, 4 райондо 76 бөлүм иштеп жатат. Арыздарды кабыл алуу боюнча кызматтын иштөөсү саат эртең мененки 9дан кечки 20:00гө чейин улантылат. Кечээки күнү жарандарга 7 миң 881 аныктама жана 561 патент берилди. Ал эми суроолор болсо реквизиттердеги номерлерге жарандар кайрыла алышат", - деди Баектаев.