Оюндан от чыгат! "Коронавирус болуп калдым" деп тамашалашкан айымдан вирус аныкталды

АКШнын Калифорния штатындагы Пасадена шаарында жашаган айым досунун туулган күнүнө бет кабы жок барып, жөтөлүп, "коронавирус болуп калдым окшойт" деп тамашалашып жүргөн. Кийинчерээк ал чын эле вирус менен ооругандыгы аныкталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Досунун туулган күнүндө "коронавирус болуп калдым окшойт" деп тамашалашып жүргөн айым оозуна салгандай эле коронавирус менен ооруп калган. Маалыматка ылайык, ал туулган күндө 5 конокко вирус жуктурган. Дагы 6 адамда инфекциянын белгиси жок болгону менен коронавируска шектелип жатат.

Шаардык башкаруу кеңешинин сайтында туулган күндүн уюштуруучусу жана коноктор коопсуздук эрежелерин бузгандыгы, бет кап кийбей, аралыкты сактабагандыгы жазылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
-BOSS-
2020-05-12 17:08:11
Пенденин оозунда Кудайдын кулагында деп бекеринен айтылбайт да.
+8
AdylbekB84
2020-05-12 17:55:46
Бул дагы бир вируска ишенбеген сөрөйлөрдүн бири болсо керекта! Өзүбүздө дагы маска такпаймын, сактанбаймын вирус жок нерсе политика дегендер жүрбөйбү.
+5
Sakura715
2020-05-12 18:38:14
Кудай сактасын,мен да ошентип тамашалаган болчум
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан