Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир күндүк маянасын коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн бөлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.
"Пандемия менен күрөшүүдө облустун саламаттыкты сактоо мекемелеринин муктаждыгын жеңилдетүүгө салым кошуу максатында, жарандык коом тарабынан, Баткен шаарында уюштурулган “Боорукердик штабына” кызматкерлер бир күндүк маянасын которуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле облустук өкүлчүлүк, райондук мамлекеттик администрация, шаардык мэрия, мекеме ишканаларга, облустун тургуну катары, район шаарларда, жарандык коом тарабынан уюштурулган штабдарга колдоо көрсөтүүнү сунуштайт", - деп билдиришти мекемеден.
Белгилей кетсек, өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери буга чейин да пандемия менен күрөшүү боюнча республикалык штабга бир күндүк маянасын которушкан.