Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын, аскер кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдөрү төлөнө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Өзгөчө абал режими учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча иш-чараларга тартылган укук коргоо органдарынын, тиешелүү түзүмдөрдүн аскер кызматкерлеринин бардык тийиштүү компенсациялык төлөмдөрү төлөнөт", - дейт Абылгазиев.
Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин парламенттин жыйынында айтылган анын сөзү контексттен тыш чечмеленгенин белгиледи. "Тийиштүү мыйзам, өкмөттүн чечимдери бар жана биз аларды аткарабыз. Бул маселе боюнча көйгөй жок. Акча каражаты бар", - деди өкмөт башчы.