"№4 төрөтканага 4 жолу барсам да албай коюшту". Баласы ичинде чарчап калган аял Бишкектеги төрөтканалар албай, эки күн убара тартканын айтат

Тамада Эрнест Бөрүбаев өзүнүн Инстаграм баракчасына "Ичиндеги баласы чарчап калыптыр. Төрөт үйлөрү кабыл албай койгон аял" деген аталышта видео жүктөдү. Анда "Курсагымдагы балам чарчап калыптыр. Бирок төрөтканалар албай жатат" деп ыйлактаган аялды көрүүгө болот. Аянычтуу тагдырга туш болгон айымды таап, SUPER.KG порталы окуянын чоо-жайын иликтеп көрдү.

Алгач төрөлө элек баласы чарчап калган аял башынан өткөргөнүн айтып берди.

- Менин атым Элнура Атаханова, 37 жаштамын. Жалал-Абад облусунун Аксы районунан болом. Бишкекте жашаганыма 10 жылдай болуп калды. Чынында каттоого турган эмес элем. Паспортум жок болчу, документтерди Аксыга тапшырып, жаңы алмакмын. Паспортумду алганда каттоого турам деп акча чогултуп жаткам. Аңгыча карантин жарыяланып калды. 2-3 жолу менчик клиникага УЗИге түшөйүн деп байланышсам, алар да карантинге байланыштуу жабылышыптыр. Биз Калыс-Ордо жаңы конушунда турабыз. Шаарга чыгуу үчүн 3-4 посттон өтүү керек болчу. Бири өткөрсө, экинчиси өткөрбөй 2-3 жолу аракет кылып, болбогонунан айла жок үйдө жаттым.

11-май күнү УЗИ иштеп баштаганынан барып түшсөм, "бала бир ай мурун эле чарчап калыптыр" дешти. УЗИден 20-21 апта деп мөөнөт берди, гинекологиялык эсеп менен 28-29 апта болуп калган. УЗИ дарыгери 3-төрөтканага багыттама кат жазып берди. Мен ал жакка барбай үйдөн "Тез жардам" кызматын чакырдым. "Тез жардам" менен №4 төрөтканага бардык. Ал жактан "кайсы бейтапканадан келдиңер?" дешти, №13 бейтапканадан десек, "Силер бизге карабайсыңар, биз өлүп калган балдарды албайбыз. Биз тирүү балдарды сактап калыш үчүн кабыл алабыз" деп албай коюшту. Бизди №1 төрөтканага барышыңар керек деп ошол жакка багыттама жазып беришти. Ал жакка барсак, алар "бизге карабайсыңар" деп кабыл албай коюшту.

Ал жактан "Тез жардам" унаасы бизди калтырып кетип калды. Өз жолубуз менен №6 төрөтканага бардык. Ал жактан коронавирус чыкканына байланыштуу 14 күнгө карантинге жабылыптыр. Андыктан УЗИ жасаган дарыгер берген багыттама боюнча №3 төрөтканага бардык. Алар мындай чоң мөөнөттө ала албайбыз, силер №4кө барышыңар керек деп кайра ал жакка багыттама беришти. Кайра кагазды көтөрүп үмүтүбүз үзүлбөй №4 төрөтканага бардык. Алар такыр жолотпой коюшту. Айласыз үйгө баратсак, кошунабыз аталган төрөткананын башкы дарыгери менен сүйлөшүп койгонун айтып, барсаңар кабыл алат деди эле жарым жолдон артка кайтып жетип бардык. №4 төрөтканадагы нөөмөттөгү дарыгер "жана эле айтпадык беле, албайбыз" деп чыгарып салды. Кеч болуп кетип, аргасыздан үйгө кетип калдык.

Унаада кечке булкунуп жүрө бергенге ичим да ооруп, кан кетип баштады. Жаныбызда бир дарыгер жашайт эле, ал кайра "Тез жардамга" чалып, түнү саат 12 жарымда №3 төрөтканага келдик, алар баягы эле сөзүн кайталап, экинчи жолу №4 төрөтканага жөнөтүштү. 4-ирет ал жакка түнкү саат 1ден өтүп келдик. Дарыгер албайм деп туруп алды. Анда "кабыл алган жокмун" деген баш тарткан кагазды жазып бергиле десек, ага да болбой койду. Түнкү саат 2лерге чейин күтүп отуруп, акыры үйгө келе бердик. Эртеси Эрнест Бөрүбаевге байланышып, ал биз менен жүрүп, окуяны видеого тартып баштаганда гана кабыл алышты. Эрнестти чакырбаганда дагы деле жүрмөкмүн. Кечээ саат 14:30дарда кабыл алып, саат 17:30дарда төрөдүм...

Бул жалпы алганда 5-балам болмок. Биринчи балам чарчап калган. Азыр 2 уул, 1 кызым бар. Бул да кыз экен, тилекке каршы, минтип чарчап калды...

Бул окуя боюнча №4 төрөт үйүнүн директору Жамиля Марипова менен байланыштык.

"Элнура Атаханованын бизге 4 жолу келдим деп айтканы чындыкка дал келбейт. Ал биринчи бизге 11-май күнү "Тез жардам" кызматы менен келгенде жанында эч кандай документи жок экен, каттоого да алынбаптыр. Жашаган жеринен багыттама каты жок, дарыгердин жолдомосу жок, паспорту да жок болуп чыкты. Дарыгерлерге Дордой жаңы конушу жакта жашайм деп айтыптыр. Ал жак №1 төрөтканага карайт. Ошондуктан биздикилер №1 төрөтканага багыттама кат жазып беришкен. Кечээ, 12-май күнү өзү жашаган аймактагы №13 бейтапканадан багыттама каты менен келди эле, маселеси жок эле кабыл алдык. Бизге кайрылган аялдардын баары журналга жазылат да. Биринчи келгени кабыл алынбагандар боюнча журналда бар экен. Журналда Дордой районунда жашайт деп жазылып турат.

Коронавируска байланыштуу азыр бизде катуу көзөмөл болуп жатат. Биз баласы чарчап калгандарды деле кабыл ала беребиз. Болгону, анын өзү айткан аймагына жараша №1 төрөтканага жөнөтүшкөн", - дейт Марипова.

Ал эми №3 гинекологиялык төрөткананын акушердик бөлүмүнүн жетекчиси Ирина Евгеньевна: "Биздики мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматты көрсөтүүчү төрөткана. Бизде атайын прейскурант бар. Андай айым бизде катталган жок", - деп кыска гана жообун берди.

№1 төрөткананын директору Аминат Байтикова болсо окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди.

"Аталган аял бизге "Тез жардам" унаасы менен келгени чындык. Коронавируска байланыштуу биз азыр ар бир келген адамды тыкыр текшерип жатабыз. Аталган аял төрөтканага кирген эмес, "Тез жардам" кызматынын дарыгери биздин дарыгерге жолугуп, аял тууралуу маалымат берген. "Кайдан алып келип жатасыңар?" десе, №13 үй-бүлөлүк медицина борбору тараптан деген. Ошондуктан аларды №4 төрөткана алышы керек деп, узатканбыз. Негизи мен дайым дарыгерлерге эгер кош бойлуу аял босогодон аттаса, кан кетип жатса же абалы жакшы болбосо биздин районго карайбы-карабайбы кабыл алгыла деп эскертем. Буга чейин бизге караштуу болбогон толтура аялдарды кабыл алып келебиз. Коронавируска байланыштуу азыр текшерүүнү күчөткөнбүз. Азыр №6 жабылып турат, №2 төрөткана обсервацияга алынып жатат. Төрөтканага Кудай сактасын, коронавирус жуктурган бирөө келип калса, анда күйүп кетпейбизби.

Аял балам ичимде чарчап калганына 1 ай болду деп айтып жатат. Медициналык жактан алганда 1 айда кан кетип же уу бөлүнүп чыгып, аялдын абалы начарлап кетмек. Демек, 1 ай болгон эмес, 1-2 апта болушу мүмкүн", - деп сөзүн жыйынтыктады Байтикова.

Макала чыкканда бардык тиешелүү жактын жоопторун окуган Элнура айым "3 төрөтканадан тең туура эмес маалымат берип, болушунча актанышыптыр. Менин жанымда жолдошум, жеңем, кайнагам жүрүп, окуяга күбө болушкан. Баарын Кудайга койдум, Кудай баарын көрүп турат. №6 төрөтканага 4 жолу барганым чын, колумда жашаган жеримден маалым кат бар болчу, №1 төрөтканага киргем, директор айткандай унаада калган эмесмин. Мейли, негизгиси азыр эки бөлүнүп алдым. Абалым жакшы. Ошого шүгүр",- деп билдирди.

Баласы чарчап калган аялды төрөтканалар кабыл албай коюшкан
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Bak.taalai
2020-05-13 17:31:43
ХХХХ акчалуулар барса озулоруно караса карабаса да документ тугул таш балекет болбосо да акчаны корсотсон сразу кабыл алмак
+20
Dushabolna
2020-05-13 17:55:24
Авторитет, модный аялдарды айланчыктап эле карашат булар. Азыр ушундай заманга келип калганбыз((((
+13
Bekish-
2020-05-13 18:03:41
Байкуш 9 ай көтөрүп
+11
Sakura715
2020-05-13 18:32:36
ХХХХ жомокту айтпай кабыл алып коюшса болмок.Врачтар Коронавирус м-н түзүк эле авторитет топтодунар эле,кайра өзүңөрдүн артынарга суу куюп жатасыңар.Адам өлүп жатса да документ менен өлүш керекпи.Уялсанар боло.Дагы бул жака жибергем,тигил жака направление бергем деп актанбай.Ошол врачтар кайсыл бетинер м-н ак халат кийип врачмын деп жүрөсүңөр?????
+17
Tymar
2020-05-13 18:43:12
Кырсык болбой Тенирим колдоп турсун.
-8
Usow
2020-05-13 22:21:26
Доктурлар ар биринер бейтаптын документи барбы жокпу аны караганга милдеттуусунор озунчоле 3 ай окуп алып врач сыяктуу болуп кекейбегиле, ушундай абалда бир аялды карай албасанар неге доктур наамын алып журосунор ото эле УЯТ силерге
+13
Kona8631
2020-05-13 23:23:04
Ошондой врачтарга иш козголуусу зарыл
+8
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-05-13 23:28:03
Коронавирус десең гана кабыл алат окшойт
+1
Bars88
2020-05-14 05:43:45
Кимдин кимдин заманы врачтардын заманы болдуго
+3
Weber29
2020-05-14 08:06:47
Акчан болсо гана карашат шаар жериндеги ак халатчан ачкоздор.Ак халаттарына татыбайт алар
+6
Rifle_I
2020-05-14 13:53:26
Маалыматты туура жеткириш керек.
Жоопкерчиликсиз мамиле кылып, аягына келгенде врачтарды күнөөлөп коюш жакшы эмес.
Кош бойлуу өз убагында учетко туруп көзөмөлдө болуш керек. Башка жакка көчүп кеткен учурда дагы поликлиникага барып учетко туруп, көзөмөлдө болуш керек. Өзү эч нерсе кылбайт, анан врачтар күнөөлүү.
+2
Rifle_I
2020-05-14 13:54:27
Азыр бюрократиянын заманы. Кагаз болсо иш болот, болбосо жазалоо күчтүү врачтарга. Эч ким жоопкерчилик алгысы келбейт, себеби аягында сөгүш турат.
+2
Rifle_I
2020-05-14 13:55:31
Кош бойлуу адам мал эмес, жүрө бергидей. Төрөт үйү дагы малкана эмес, барса эле киргизе бере тургандай. Баарына эреже так жазылган , жана ал аткарылыш керек.
+1
Rifle_I
2020-05-14 15:01:54
Комментарийлерди окуп ойлонуп жатам, элибиз өзүнүн оюн айталбай ким эмне десе ошонун артынан ээрчип калыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан