Депутат Махабат Мавлянова күнүмдүк жумуштарда иштеген жарандар киргизилген өзгөчө абал маалында кыйналып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өзгөчө бал 30-апрелге чейин дагы узартылды, алардын жашоосу эмне болот? Өкмөт аларга акчалай да жардам көрсөтсө, өздөрү каалагандарын сатып алышмак”, - деди Мавлянова.
Буга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. “Муктаж жарандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, аймак жетекчилигине кайрылып, көмөк сураса болот. Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыккан”, - деди Боронов.