Алгач коронавирус чыккан Кытайда бир сутка ичинде 5 адамдан COVID-19 инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматка таянып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Ага ылайык, коронавирус аныкталган 5 жарандын ичинен үч адамда оорунун белгилери (симптомдору) байкалган эмес. Мындан тышкары 8 бейтап бул оорудан сакайып чыкканы жазылат маалыматта.
Акыркы маалыматтарга ылайык, аталган өлкөдө коронавирус менен 84 миң 171 адам катталса, 79 миң 415 жаран оорудан сакайган, тилекке каршы, 4 миң 638 бейтап көз жумган.