Кечээ, 13-май күнү SUPER.KG порталы баласы ичинде чарчап, Бишкектеги төрөтканалар албай эки күн убара тарткан аялдын окуясы тууралуу жазган. Аталган окуя боюнча бүгүнкү брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын айтты.
"Кечээ кош бойлуу аялды төрөтканалар кабыл албай койгондугу боюнча маселе парламентте, массалык маалымат каражаттары тарабынан да көтөрүлдү. Аталган окуя боюнча кечээ ыкчам жумушчулар тобу түзүлүп, министрдин башчылыгында кечинде талкуу болду.
Бүгүнкү күнү А.Э. аттуу Кыргыз жараны шаардык перинаталдык борбордо жатат. Кечээ төрөтү болду, тилекке каршы ымыркай өлүк экен. Бүгүнкү күндө жарандын абалы жакшы. Бул боюнча каерден катачылык кетти иликтеп, тийиштүү чараларды көрөбүз", - деп билдирди Каратаев.