Жогорку окуу жайларында студенттерден контракттарды төлөө талап кылынып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Айрым окуу жайлар студенттерден контрактты тез арада төлөөнү талап кылууну улантып жатышат. Бул маселени көзөмөлгө алуу керек. Мындай учурда контрактты талап кылган туура эмес", - дейт ал.
Буга чейин билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков окуу жайларга социалдык пакеттин эсебинен пайыздык өлчөмдө жеңилдик берилип, төлөмдүн мөөнөтүн узартуу тууралуу тапшырмалар берилгенин билдирген.