Тажикстандын "Акбор" сайты Дүйшөмбү шаарынын көрүстөндөрүнүн биринде тартылган видеону жарыялады. Видеодо катар тизилген мүрзөлөр жана полиэтилен менен оролгон жансыз денелер көрсөтүлгөн. Андагы адамдар коронавирустан каза болгонун, бирок бийлик өкүлдөрү бул тууралуу эч кандай маалымат бербей жатканын тартып жаткан адам айткан.
Видеонун автору ал Сариосиё көрүстөнүндө тартылганын кошумчалаган. Ал эми сайттын редакциясы аталган видеодогу маалыматты текшерүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатканын билдирген.