Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Эсмагамбетова кытайлык адистердин Казакстандын медицина кызматкерлеринин коргоочу жабдыктары тууралуу айткан сынына комментарий берди.
Башкы дарыгерге онлайн брифинг учурунда кытайлык адистердин коргоочу кийимдер тууралуу сыны кандай кабыл алынгандыгы тууралуу суроо берилген.
"Биздин кытайлык кесиптештерибиз коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө эң көп тажрыйбага ээ. Анткени алар дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу коронавирус менен кез келген адистер. Албетте, алар алгачкылардан болуп коопсуздук, диагностика жана дарылоо боюнча чараларды иштеп чыкканы да жалган эмес. Ошондуктан кытайлык дарыгерлер биздин өлкөгө чакырылып, биздин алдын алуу жана дарылоо чараларыбыз менен таанышты. Албетте, биз алар менен баарлашууда алган тажрыйбабызды ишибизде колдонуп жатабыз", - деп билдирген өлкөнүн башкы дарыгери.
Буга чейин Кытайдан келген дарыгерлер Астана шаарындагы №9 клиникага барышкан. Алар оорукана кызматкерлери өздөрүн коргобогонуна нааразы болушкан. Айтымдарында, дарыгер COVID-19 менен ооруган бейтаптар менен алака кылбаса дагы жеке өзүн карап, абалга олуттуу мамиле жасоосу керек. Анткени дарыгер кызматына байланыштуу көптөгөн адамдар менен байланышта болот.
Бул абалга жооп берген казакстандык эксперттер Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушуна ылайык, инфекциялык бейтаптар менен иш алып барууда сарамжалдуу болуу керек экенин билдирген.
Ал эми өлкөдөгү Улуттук илимий кардиохирургия борбору кытай дарыгерлеринин казак дарыгерлеринин коргоочу кийимдери талаптарга жооп бербейт деп айтылган маалыматын четке кагууда.