Таласта лаборатория жок болгондугу үчүн коронавирус менен ооругандар аныкталган жокпу? Министрликтин өкүлү жооп берет

Талас облусунда бүгүнкү күнгө чейин коронавирус менен ооругандар катталган жок. Буга Талас облусундагы лабораториянын жоктугу себеп болушу мүмкүнбү? Мындай суроого саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында жооп берди.

"Лаборатория жок болгону менен жарандардан алынган анализ ыкчам түрдө Бишкекке жеткирилип, жыйынтыгы чыгарылып турган. Бүгүнкү күндө облуста мобилдик лаборатория ишке киргизилип, бардык тесттин жыйынтыгы облустун аймагында чыгарылууда. Коронавирус катталгандан бери облус боюнча жалпы 3 миң 809 ПЦР-тест алынып, жыйынтыгы облустук кызматтарга берилген. Мындан тышкары 14 миңден ашуун экспресс-тесттер алынган. Таласта алгоритмдин негизинде бардык иштер аткарылууда", - деди Үсөнбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан