Италиянын Кремона провинциясында коронавирустун кесепетинен үчүнчү адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка ылайык, Италияда азыркы учурда 150гө чукул адам вирусту жуктуруп алганы жана 3 адам каза болгону маалым болгон. Коронавирус өзгөчө Италиянын түндүк аймагында Ломбардияда катталып жатат. Мындан улам Ломбардия, Венето, Пьемонт, Эмилия-Романья жана Фриули-Венеция-Жулияда мектептер жана университеттер жабылган.
Мындан сырткары, Ломбардия жана Венетодо маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.