"Коронавирус менен жашаганды үйрөнөбүз. Мурунку жашоо эми болбойт" дейт адистер

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коронавирусту көзөмөлдөө боюнча атайын өкүлү Дэвид Набарронун билдиришинче, дүйнөдө коронавирус пандемиясынан улам мурунку жашоо болбой калышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Коронавирус инфекциясы айрым жерлерде өзгөчө оор болуп жатканын билебиз. Бирок биз эс алууну, иштөөнү, пикир алышууну жана жакындарыбыз менен убакыт өткөрүүнү үйрөнөбүз. Чындыгында, бул биздин жашообуздун бир бөлүгү болуп калат. Дүйнө жүзүндөгү бардык калкты эмдөөдөн өткөрүш керек. Бул чоң долбоор. Ошондуктан мен бардыгына айткым келет, вакцина эки жарым жылдын ичинде даяр болот, даярдангыла", - деген Набарро.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун божомолуна ылайык, коронавирус ВИЧ инфекциясындай болот. Илимпоздор бул вирустан айыктыруунун ыкмаларын табышат. Бирок вирус жок болбойт. Уюмдун маалыматына ылайык, коронавирустун жайылышын толук көзөмөлгө алуу үчүн адамзатка кеминде беш жыл талап кылынат жана мындан ары мурункудай жашоо эми болбойт.

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар күн сайын өсүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзү боюнча 4 миллион 444 миң 670 адамдан инфекция аныкталды. 302 миң 493 адам каза болсо, 1 миллион 588 миң 858 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Aika1988
2020-05-15 15:55:52
Кудай эле сактасын каяктагы нерсени айтат го.. Аллахтан баары.Тез аранын ичинде вирус жок болуп мурункудай жашоо насип этсин оомиииин.Аллахым бул оорунун да шыпаасын берсин...
+30
natasha00
2020-05-15 16:15:13
Баары Кудайдын колунда окумуштуулар кыйын болуп кеткенде ушул ооруунун ваксинасын ойлоп таап коймок,окумуштуулар жомок айта бербесин!
+16
Mirlan27011987
2020-05-15 16:54:39
natasha00,
Кудайдын колунан эч нерсе келбей калды. Азыр адамдын акылы гана чечет.
-33
Saitov79
2020-05-15 18:25:24
Mirlan27011987, бир тооба келтирип Ал баардык нерсе Аллахтын окуму менен гана болот пенденин колунан эч нерсе келбейт. Бул оору бизге жаза катары келди элдин пейили бузулду
+20
Kairatbek.
2020-05-15 19:13:15
Mirlan27011987,э сенин акылын ушуга жетип калдыбы анда акылын жетсе бир нерсе кыл уйдо эле жатасынго кочого чыкпай
+5
Jeltelmen.99
2020-05-15 16:30:12
Бул вирус технологиянын адамга тийгизген таасири астында пайда болот окшойт
+5
010288
2020-05-15 16:31:05
ХХХХ.Силер билбейсинер эртен эмне болушун.Аллах билет.
+6
Birimdik5555
2020-05-16 16:00:14
010288,башына жаман созду жазып анан акырына Аллах деп кошуп коюпсунда
+1
bond02
2020-05-15 17:32:52
Негизи элдер паникадан ооруп жатышат.
+6
modem4999
2020-05-15 18:35:44
Булар элди психологий сындыргылары келип атат, сонун эле жашоо болот буйруса.
+10
cyrus
2020-05-15 18:40:16
Ооруну чыгарган ошол ВОЗдун башында тургандар Билл Гейтс баш болуп вакцина деп баш оорутбасын
+3
aydinnur
2020-05-15 23:16:50
Ит экен го бу киши
+1
nuridindosmatov
2020-05-16 00:36:15
Тагдырга ыйман келтирген адам эч качан стресске тушпойт!!!
+5
KaGaH
2020-05-16 10:20:36
Бул жерде чооң саясат бар, дүйнөдөгү адамдарга чип коюу,вакцина деп алдашып интернеттен карап көргүлө
+1
Mylatka..
2020-05-16 12:04:16
Булар өздөрүн Кудай сезип алганго.
0
Jan_balam2018
2020-05-16 18:43:12
Бир гана кудайдын колунда бардык нерсе.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан