Беделдүү Канн кинофестивалы 2020-жылы өтпөй турган болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Францияда жарыяланган өзгөчө кырдаал режими кеминде 10-июлга чейин созулмакчы. Фестивалдын уюштуруу комитетинин өкүлү иш-чараны күзүндө өткөрүү дагы оор экенин билдирген. Ал эми башка фестивалдардай виртуалдуу өткөрүүдөн уюштуруучулар дароо баш тартышкан. Сынакка кабыл алынган тасмалардын тизмеси июнда жарыяланып, башка фестивалдарда, анын арасында Венецияда көрсөтүлмөкчү.
Белгилей кетсек, фестиваль алгач 12-майдан 23-майга чейин пландалган. Мартта уюштуруу комитети болжолдуу түрдө июндун аягына жылдырылганын маалымдаган.