Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйыны өттү. Анда депутат Сайдулла Нышанов саламаттыкты сактоо министрине бир канча жолу суроо менен кайрылганын белгиледи.
"Коронавирус жуктуруп алгандар кайсы жактан аныкталып жатат? Бул боюнча маалымат берип койгула деп сизге кайрылдым эле. Коомчулукту дагы мындай суроо кызыктырып жатат. Айтып коюш кыйынбы же көзөмөл жокпу? Брифинг өткөргөндө дагы айтпайсыңар", - деди депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов көзөмөлдө тургандардан коронавирус аныкталып жатканын айтты. "Булар ооруган адам менен байланышта болгондор, обсервацияда жаткандар, үй карантининдегилер. Көзөмөлдө тургандардан коронавирус аныкталып жатат", - деди министр.