Ош шаарында коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын жарымынан көбү айыгып чыкты. Бул тууралуу шаар мэри Таалайбек Сарыбашов онлайн брифинг учурунда билдирди.
"Бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптардын ичинен айыккандар көбөйүп жатат. Жалпы шаар боюнча 111 адамдан инфекция аныкталса, бүгүнкү күндө айыгып чыккандардын саны 72ге жетти. Ооруканада жаткандар 37 адам, тилекке каршы, 2 бейтап бул инфекциянын айынан каза болду. Мындан сырткары обсервацияда 144 адам жатат. Алар такай дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деди шаар мэри.