"Калк арасында COVID-19 инфекциясына кабылгандарды аныктоо өтө маанилүү милдет. Ооруган адамдар менен байланышкан жарандар менен ишти күчтөндүрүү да андан кем эмес мааниге ээ". Мындай пикирин бүгүн, 17-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты.
"Жаранда вирустун бар экендиги аныкталар замат биз аны менен байланышкан бардык адамдарды табууга болгон күч аракетибизди жумшоого тийишпиз. Медицина кызматкерлери жана ар бирибиз чарчаганыбыз анык. Бирок азыр жай отура турган мезгил эмес. Бир катачылык кетирүү менен ишти кайра башынан баштап калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күнгө чейин ар бир мамлекеттик орган толук күчүн жумшап иштеди, ушул багытта улантууну өтүнөм", - деди Кубатбек Боронов.
Ал ошондой эле өлкөнүн вирус чыккан жерлеринде көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Кубатбек Боронов эскерткендей, учурда мекендештерди өлкөгө алып келүү иштери жүрүп жатат. Келген жарандарды жайгаштыруу алгоритмин так иштеп чыгуу шарт.
"Ошондой эле жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкеринде COVID-19 инфекциясы аныкталып, алар ооруканага жаткырылды. Өздүк курамдын иш планын соттолгондор менен байланышты азайткыдай түрдө иштеп чыгуу керек. Муну менен бирге коронавирус инфекциясына кабылгандар менен байланышкандарды аныктоо иштери уланууда", - деп кошумчалады ал.
Биринчи вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга коңшу өлкөлөрдө, ошол сыяктуу эле Кыргыз Республикасында экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу аркылуу жол трафиги көбөйгөнүн эскертип, жүк ташуучу унаалардын кирүү алгоритмин жаңылоону тапшырды.