Бүгүн, 18-майда Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген дагы 43 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен аталган шаардан келип коронавирус аныкталгандардын саны 101ге жетти.
Бир катар жергиликтүү басылмаларда Соль-Илецк шаарынан келип "Ганси" авиабазасында жайгашкан обсервацияда жаткан жарандар аларды үйгө чыгаруусун талап кылып тополоң чыгарды делген маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазып чыгышты.
Ал эми аталган базада обсервацияда жаткан жаран төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Кечээ келишип, дагы 46 жарандан коронавирус аныкталганын айтышып, тизме менен жарандарды алып кетишти. Алардын арасында аялы менен чогуу жаткан бир жаран бар болчу. Андан вирус аныкталып, аялы болсо тизмеде жок экен. Ошол учурда башка жарандар кантип жанында жүргөн аялына жуккан жок деп ызы-чуу салышты. Күйөөсү да аялын обсервацияга калтырбайм деп туруп алды. Ошол маалда алар тизмеден оору аныкталды деген бирөөнү чийип туруп, тиги келинди алып кетишти", - дейт жаран.
Ошондой эле анын айтымында, вирус аныкталгандардын тизмесинде бар бир аял киши "бейтапканага барбайм" деп ыйлап туруп алган, бул учурда да анын ордуна тизмеде жок эле башка адамды алып кетишкен.
"Пикир келишпестик жаралган маалда эч кандай милиция кызматкерлери келген жок. Бул жакта бизди жаңы келгенден баштап эле кайтарып жаткан ИИМдин кызматкерлери бар. Алардын биз менен иши деле жок. Силер эрте кетсеңер биз дагы кетет элек деп жүрүшөт алар деле", - деп билдирди обсервацияда жаткан окурман.
Ушундай окуялардан улам обсервацияда жаткан адамдар вирустун бар экенине жана анын олуттуулугуна ишенбей жаткандыгын ал кошумчалады.
Ал эми бүгүнкү маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев: “Соль-Илецктен келип жаткандарды ташуу учурунда вирустун жайылышынын тобокелдиги жогору болгондугуна байланыштуу республикалык штаб тарабынан кошумча ПЦР-изилдөөлөрдү өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул үй карантининдеги байланышта болгондор илдетти массалык түрдө жугузуп албоосу үчүн туура чечим болду”, - деп билдирген.
Кийинчерээк жогорудагы окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен окурман берген маалыматты калп деп билдиришти.