Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Коронавирус аныкталган адамдын ордуна оорубаган адамды алып кетип жатышат деген маалымат чындыкка дал келбейт"

Буга чейин бизге окурман кайрылып, Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандар жаткан "Ганси" авиабазасындагы обсервациядагы абал тууралуу айтып берген.

Ал "коронавирус чыккан аял ыйлап, "барбайм" деп олтуруп алса, анын ордуна тизмеде жок оорубаган адамды эле алып кетип калышты" деп билдирген.

Бул маалымат боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылганыбызда, басма сөз катчы Жылдыз Айгерчинова жогорудагы маалымат чындыкка дал келбестигин айтып, төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Ганси" авиабазасында жайгашкан обсервациядан бүгүнкү күндө жалпы 101 адамдан коронавирус аныкталды. Обсервацияда жаткандардын баарынан ПЦР-анализи алынып жатат, ошол анализ кайсыл жарандан коронавирусту аныктаса, ошол жарандар гана бейтапканага жаткырылууда. Ал эми ооруган адамдын ордуна, анализи таза чыккан адамды алып кетти деген бул чындыкка дал келбейт. Оорубаган адам кантип эле ооруган адамдын ордуна бейтапканага өз макулдугу менен бармак эле. Аларды орду менен алмаштырып койгондой алар буюм эмес да.

Азыркы тапта биздин медициналык кызматкерлер оорунун жайылуусун алдын алуу боюнча күнү-түнү дебей иштеп, өз жандарын тобокелдикке салып жатышат. Жарандарды бардык нерсени түшүнүү менен кабыл алып, коюлуп жаткан чектөөлөргө баш ийип, эрежелерди так сактоого чакырат элем", - деп билдирди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан